Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 08.10.2018 17:36

Тогуз-Тородо көчмө клиника 300дөй тургундун саламаттыгын текшерди (сүрөт)

Turmush -  Былтыркы жылы Жалал-Абад облусуна биринчи жолу алынып келген көчмө клиника Тогуз-Торо районунун калкынын саламаттыгын текшерди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматовдун айтымында, көчмө клиника элдин ден соолугун кароодон өткөрүү үчүн тийиштүү медициналык жардам көрсөтүп, иш жүргүзүп келди.

«Жалпы 265 адамды текшерүүдөн өткөрүштү. Алардын ичинен 21 адамдын кан басымы жогору болсо, 7 адам жүрөк кан тамырлар оорусу, 28 адам кант дибаети, 73 адам ичеги карын оорулары, 71 адам боор оорусу менен жабыркаганы аныкталган. Ошондой эле кош бойлуу 11 аял кароодон өттү. Ал эми лабораториялык изилдөөдөн 125 адам өткөрүлдү. Алардын ичинен гепатит В менен ооруган 1 адам бар экени аныкталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×