Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 08.10.2018 16:13 На русском

Токтогулда 32 жаштагы келин 5,5 кг салмактагы ымыркай төрөдү (фото)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылындагы Ч.Орозов атындагы жалпы дарыгерлик жана практика борборунда 7-октябрда саат 12:55 чамасында 5 кг 500 грамм салмактагы ымыркай жарыкка келди. Мындай маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Сыймык Момунов билдирди.

Анын айтымында, учурда эне-баланын абалы жакшы. Айылдык ооруканада мындай салмактагы балдар саналуу гана төрөлөт. Акыркы 5 жылдан бери мындай учур катталган эмес.

«32 жаштагы келиндин төртүнчү төрөтү экен, 7-октябрда эртең менен ооруканага келип, аман-эсен көз жарып алды. Эне бир аз кыйналды, бирок өзү төрөдү. Учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө», - дейт С.Момунов.

Үч-Терек жалпы дарыгерлик жана практика борборунда жыл башынан бери 95 төрөт катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×