Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.10.2018 12:53

Мугалимдер күнү: Кара-Көлдө алдыңкы мугалимдер сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 5-октябрда Кара-Көл шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип, 93 мугалим сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева жана 260 мугалим катышты. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 93 мугалимге сыйлык тапшырылды.

Окуу-тарбия ишиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана окуучулардын билим сапатын жакшыртуудагы ийгиликтери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен А.Кыдырмаева, Т.Сандыбаев, Абдыназарова, Т.Айталиева сыйланды. «Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси» Р.Мантусова менен Н.Сүйналиевага тапшырылды. Шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары менен 20 мугалим, коомдук уюмдардын «Эл сыймыгы», «Насаатчы», «Даанышман», «Калк кадырлаган инсан», «Ардактуу мугалим» төш белгилери менен 9 мугалим, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен 19 мугалим, ыразычылык каты менен 17 мугалим сыйланды. Ал эми Жалал-Абад облустук усулдук борборунун грамоталары 13 мугалимге тапшырылды.

Сыйлоо аземинен кийин иш-чара оюн-зоок, майрамдык концерт менен улантылды. Алып баруучулук жоопкерчилиги №4 Д.Шопоков атындагы орто мектептин таланттуу мугалимдерине тийип, шаардагы 8 мектеп, 3 бала бакчанын өнөрлүү мугалим-тарбиячылары бийлеп, мугалимди даңазаланган ырларды тартуулашты.

Бүгүнкү күндө шаарда 350дөн ашык мугалим билим берүү тармагында эмгектенет. Быйылкы окуу жылында эки жаш адис жумушка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×