Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.10.2018 12:56

Аксылык тургун дарыяга аккан 2 жаштагы Ариетти куткарганы үчүн сыйланды

Turmush -  Бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыядагы сууга чөгүп бара жаткан 2 жаштагы Ариетти куткарып калган Чолпонбай Арстанкуловду медаль менен сыйлады. Медалды вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тапшырды.

Чолпонбай Арстанкулов АКИpress агенттигине 2 жаштагы баланы кантип куткарганын айтып берди.

«Окуя 19-июль күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу дарыясынын жанында болгон. Ал күнү күн ысып, биз жигиттер менен дарыянын жээгинде эс алып жатканбыз. Суунун ичинде жаш бала жүргөнүн көрдүм. Суу тунук болчу, ошондуктан ал өз алдынча кыймылдабаганы көрүндү. Дарыяга чуркап барып, аны суудан алып чыктым. Массаж жасап, өпкөсүнөн сууну чыгардым. Ариет өзүнө келгенде ыйлап жиберди. Дарыгерлерди чакырып, андан кийин ата-энесине өткөрүп бердик. Буга чейин Оштогу ички аскер бөлүктөрдө кызмат өтөгөндө топтогон тажрыйбам аны куткаруума жардамчы болду», - деди ал.

2 жаштагы Ариет дарыянын жогору жагындагы айылда жашайт. Анын үйү ал куткарылган аймактан жарым чакырым алыста суунун жээгинде жайгашкан.

«Бала жоголгондо жакындары издеп баштаптыр. Бул убакта аны суу биздин айылга агызып келген экен. Аны суудан алып чыкканда тирүү экени билинген эмес. Денеси көк болчу, бир нече ирет ташка урунган окшойт. Учурда анын абалы жакшы», - деди Ч.Арстанкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×