Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 05.10.2018 12:50

Ноокенде кылым карыткан карылар сыйланды (фото)

Turmush -  «Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлык акциясынын алкагында Ноокен районунда иш-чаралар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 3-октябрда райондун аймагында 100 жаштан ашкан 3 карыяга акчалай сыйлыктар берилди. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн белегин өкүлдүн орун басары Ы.Ызабеков менен Ноокен районунун акими Э.Маматаев тапшырышты.

Мындан сырткары, акимдин орун басары Н.Бекжигитова менен банктын жетекчиси А.Женмуратов Момбеков айылындагы карыялардан кабар алышып, өздөрүнүн эсебинен белек беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×