Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 05.10.2018 10:11

Жалал-Абадда кышка көмүр камдоодо бир катар кемчиликтер ачыкталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда социалдык объектилердин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерүү учурунда бир катар кемчиликтер аныкталды. Мындай маалымат кышка карата даярдыктар боюнча өткөн облустук жыйында айтылды. Андагы кемчиликтерди өкүлчүлүктүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев айтып берди.

Анын маалыматына караганда, Кербен шаарынын социалдык объектилерине көмүр отунун камдоо үчүн өткөрүлгөн тендер бузулуп, кайрадан тендер өткөрүлүүдө. Ал эми райондук маданият үйүнүн жана Кош-Дөбө айыл аймагынын имараттарын жылытуу системаларын кышка даярдоо иши жүргөн эмес. Ала-Бука районунда Айры-Там айыл аймагындагы мектептерге көмүр камдоо үчүн тендер жарыяланып, бирок жыйынтыгы аныкталган эмес.

«Сузак районундагы айыл аймактарда жумуш бир топко аксаганы байкалат. Мисалы, Кыз-Көл айыл аймагында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча буйрук чыгарган эмес жана штаб түзүлүп, жооптуулар дайындала элек. Ленин айыл аймагында «Байчечекей» балдар бакчасынын, №27 Ю.Гагарин атындагы жана №51 С.Жээнбеков атындагы мектептердин, Көк-Арт айылдык аймактарындагы №11 М.Орозалиева атындагы гимназия мектебинин имаратындагы эскилиги жеткен кооптуу абалдагы электр зымдарын тез аранын ичинде алмаштыруу зарылдыгы бар. Кызыл-Туу айылдык аймагындагы №94 Б.Калымбетов орто мектебинин отканасын оңдоо иштери колго алына элек жана имараттын электр зымдары электр, өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербейт. №63 Эргеш Төрөбаев атындагы орто мектебинин өрт коопсуздугу боюнча калканы толук камсыз болгон эмес.

Токтогулда райондун билим берүү тармагына жергиликтүү бюджеттен 2 млн 243,9 миң сом каралып, келишимдер түзүлгөн. Бирок 2018-жылдын 25-сентябрына карата көмүр ташыла элек», - деп билдирди баяндамачы.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарында электр энергиясы менен жылытылган орто мектептерде жана бала бакчаларда альтернативдик жылуулук берүү системалары менен жабдуу зарыл. Майлуу-Сууда жылуулук ишканасынын №2 отканасынын отказандарын оңдоо иштери толук бүткөрүлө элек.

Ы.Ызабеков аким-мэрлерден бул жагдайлардын себептерин сурап, 15-октябрга чейин кетирилген кемчиликтерди жоюуну табыштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×