Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.10.2018 22:07

Жалал-Абад облустук ооруканада биринчи жолу күйүк оорулар бөлүмү ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында биринчи жолу күйүк оорулар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, кайрымдуулук фонддун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун баштаган өкүлдөр катышты.

Облустук оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаевдин айтымында, жыл сайын болжолдуу 500дөй бейтапты Ошко которушчу. Бул абал бейтаптардын эле эмес, анын жакындарын да түйшүккө салып келген. Эми күйүктүн кесепетинен өтө оор абалга кабылганы гана жиберилип, калгандарын мындагы ооруканада дарылашат.

Бөлүмдү курууга жалпы 20 миллион сом сарпталса, жабдыктары, керебеттери 9 миллион сомго алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×