Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.10.2018 08:47

Быйыл жаңгактын түшүмү кескин азайды, - Арстанбап токой чарбасынын директору

Turmush -  Базар-Коргон районунда быйыл жаңгактын түшүмү кескин азайды. Бул тууралуу Арстанбап токой чарбасынын директору Кеңеш Пинназаров билдирди.

Анын айтымында, жаңгак токою жергиликтүү тургундарга ижарага берилет.

«Арстанбап токой чарбасынын жалпы аянты 13 миң гектардан ашат, анын ичинен жаңгак токою 2570 гектарды түзөт. Жаңгактын түшүмү жакшы болгон жылдары орто эсеп менен үч миң тоннага чейин түшүм жыйналат. Жаңгак токой жергиликтүү тургундарга ижарага берилген. Быйыл апрель айында жааган кардан улам жаңгактын көбү үшүп кетиптир», - деди ал.

Сузак районунун тургуну Азамат Толукбаев токойдон жер ижарага алып иштетерин жана быйыл түшүм кескин түрдө азайганын айтат.

«Орток токой чарбасынан ижарага жер алганбыз. Быйыл жаңгактан киреше тапкан жокпуз. Жаңгак жакшы болгон жылдары үй-бүлөбүз менен 5 тоннага чейин терчүбүз, аны орто эсеп менен 100 сомдон баалаганда деле 500 миң сом киреше болчу», - дейт А.Толукбаев.

Базар-Коргон районунда бир мамлекеттик корук жана 6 токой чарбасы бар. Алар — Дашман коругу жана Арстанбап, Ачы, Кызыл-Үңкүр, Жай-Терек, Каба, Көк-Алма токой чарбалары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×