Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.10.2018 08:20 На русском

Ала-Букада кыргыз-өзбек тарап түлөө өткөрүп, такталбаган чек арадагы жол жана канал оңдолууда

Turmush -  Ала-Бука районунда чек арадагы такталбаган аймакта эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Өзбекстан тарап каналын, кыргыз тарап жолун оңдоп жатат. Маалым болгондой, Көк-Таш айыл аймагынын Өзбекстан менен чектеш, такталбаган аймакта жайгашкан Гава участкасындагы унаа жолдун 300 метр аралыгы оңдолууда.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматовдун айтымында, эки элдин ынтымагын чыңдоо максатында түлөө да уюштурулган.

«1-октябрда аталган айылдын эли менен жолугуп, жакшы ишти баштап келдик. Ал жерге жергиликтүү жашоочулар, ак сакалдар коңшу өлкөнүн Наманган облусунун жетекчилиги жана алардын аксакалдары менен биргеликте эки элдин ынтымагы үчүн кой союп, түлөө өткөрдүк. Буга чейин 4 миң адам жашаган Көк-Таш айылынын тургундары пайдаланган жолду оңдоого өзбек тарап каршылык көрсөтүп, анын айынан бир топ жаңжалдар болуп келген. Ал эми бүгүнкү күндө бул маселе оң тарабына чечилип жатат. Тактап айтканда, унаа жолду кыргыз тарап, анын жанындагы каналды өзбек тарап оңдоого макулдашылды», - дейт М.Акматов.

Ала-Бука району менен Өзбекстан чектешкен 12 участка бар. Негизинен Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймактары чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×