Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 04.10.2018 08:00 На русском

Аксыда Өзбекстанга чектеш айылдын тургундары чек арага алынган жер тилкелер үчүн компенсация төлөнбөгөнүнө нааразы (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Торук айылынын тургундары короо-жайларынын айрым бөлүктөрү чек ара тилкеси үчүн алынып жатканын айтып, компенсация төлөнбөгөнүнө нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Өзбекстан менен чектеш Торук айылы такталган участкалардын катарына кирет. Буга чейин коңшу өлкө чек ара зымдарын тартып алышса, Кыргызстан тарап эми чек ара зымдарын орнотуп жатат. Мындан улам айылдагы 19 үйдүн короо жайларынын айрым бөлүктөрү чек ара тилкеси үчүн алынууда.

Торук айылынын тургуну Бегимай Ниязбекованын айтымында, аларга чек ара тосмо үчүн 5 метрден жер берүү милдеттендирилген. Эгер жер берилсе, бак-дарактар гана эмес, чакан курулуштарды да бузууга туура келүүдө. Буга чейин чек ара тозотунун аскерлери айрым үй ээлеринин уруксаты жок эле дубал, тосмолорун бузуп салышкан.

«Биз бул жерде 30 жылдан бери жашап келебиз, коңшу өлкөнүн жарандары менен да жакшы мамиледебиз. Жерибиздин, үйүбүздүн документтери жайында, кызыл китептери бар. Ушул жерге жаңы көчүп келген учурда бул жерде суу жок эле. Унаа менен суу ташып келип, коңшу өлкөнүн чек ара жагын дубал менен тосмологонбуз.

Биз үйдө жок кезде чек арачылар келип, бизден уруксат сурабастан дубалды бузуп кетишиптир. Корообузда 3 түп жаңгак, 15 түп кайналыбыз бар болчу, эми аларды кыюуга аргасыз болуудабыз. Өткөн жылы жаңгак менен кайналынын түшүмүн терип сатып, жакшы киреше таап, кыштан чыкканбыз. Эми негизги киреше булагы болгон жөмө-жемиш берүүчү бак-дарактардан ажырап жаткандан кийин мамлекет компенсация төлөп берсе жакшы болмок», - дейт тургун Б.Ниязбекова.

Мындан сырткары, ал жер тилкесин бошотуп берүүгө аргасыз болгонун, жаңгак жана кайналынын бактары кыйылгандыктан, мөмөсүн тере албай калганын айтат.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну Жаркынай Алимованын айтымында, короосундагы чакан курулуштарды да бузууга туура келип жатат.

«Азыркы тапта чек арадан бери 5 метрден жер берилишин талап кылышууда. Эгер биз берсек бул жерге аскерлер техникасы менен жүрүү үчүн жол да салынат, ошентсе да биздин короо жайдагы мончо жана башка ушул сыяктуу курулуштарды бузууга туура келип жатат. Бул үчүн бизге мамлекет тарабынан компенсация төлөнүшү керек. Эгер төлөнүп берилбесе, мен дагы өзүмө тиешелүү болгон короону бербейм», - дейт Ж.Алимова.

Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү айыл элинин талаптарын негизсиз деп эсептейт.

«Буга чейин Аксыда чек арадан мал же болбосо адамдар да өтүп кетип, эки өлкөнүн адамдары жана чек арачылары кыйналып келишкен. Учурда ушундай кыйынчылыктарды болтурбоо максатында 2 чакырымдай жерге эки өлкөнүн чек арачылары чек ара зымдарын тартууда. Буга чейин жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан чек ара жылып кетпесин деген максатта чек арадагы жерлер жашоочуларга убактылуу берилген. Ал эми азыркы тапта ошол эле жерлерге кайрадан чек ара зымдары тартылууда. Эгерде кызыл китептери бар болуп, чиймеде көрсөтүлгөн жерлерге тосмо орнотулса анда компенсация төлөнүп берилет», - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Торук айылы Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чартак району менен чектешип турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×