Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 03.10.2018 20:30

Аксыда тендер чыры окуучуларды бир ай шашке чайсыз калтырды

Turmush -  Аксы районунда тендердин чырынан улам 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга шашке чайы берилбей жатат. Бул тууралуу жеке ишкер Мундузбек Байызов билдирип, ал тендерди өткөргөн Аксы райондук билим берүү бөлүмү катачылыктарга жол бергенин айтууда.

«Кара-Жыгач айылындагы А.Молдокеев атындагы мектептин окуучуларына шашке чай бериле элек. К.Кулубаев мектебинде дагы ушул эле көрүнүш. А.Чекиров атындагы мектептин окуучулары ысык тамак ичиши керек эле. Ал мектепке азык-түлүк алынып келип, бирок окуучуларга ысык тамак бериле элек. Аксы райондук билим берүү бөлүмү тендердин мыйзамдарын одоно бузуп жатат. Тендердин мыйзамдары боюнча эң төмөн бааны көрсөткөн компания утуп, иш жүргүзөт. Бул жерде эң төмөн бааны көрсөткөн компания утту деп туруп, эң кымбат бааны көрсөткөн компанияга уруксат берип жатат. Билим берүү бөлүмү ал компания менен ушул күнгө чейин келишим түзө элек. Себеби башка тендерге катышкан тараптар соттошууга чейин барышы мүмкүн», - деди ал.

Ишкерлердин бири Нургүл Шүкүралиева тендер мыйзамсыз өткөнүн белгилөөдө.

«Шашке чай берүүгө тендер жарыяланды. Бирок белгисиз себептерден улам эле жокко чыгарылып калды. Кийин тендер өттү деп жыйынтык чыгып, анда «Белек-Тилек» компаниясы утту деп айтышты. Бирок кийин иш жүзүнө келгенде эң жогорку бааны көрсөткөн «Авлетим-Мукур» компаниясы шашке чайды берип жаткандыгы белгилүү болду. Бул жерде билим берүү бөлүмүнүн кандайдыр бир кызыкчылыгы бар болушу мүмкүн. Себеби утуп алган компания менен азыркыга чейин келишим түзө элек. Прокуратурага кайрылсак алар бизге жооп берүүдөн баш тартты», - дейт Н.Шүкүралиев.

Ал эми Аксы райондук билим берүү бөлүмү окуучуларга 1 ай шашке чай берилбей калганын айтып, 1-октябрдан тарта шашке чай берилип жатканын билдирди.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүндөгү тендер өткөргөн комиссиянын төрагасы Дурусбек Нурматов шашке чай 1 ай кечигип берилгенине тендерден уткан тараптын баш тартуусу себеп болгонун айтты.

«Окуучуларга 1-октябрдан тарта шашке чай берилип жатат. Чайдын кечиктирилип берилгени анык. Себеби тендерден уткан ишкер Сапарбек Дөөлөталиев кийин шашке чайды ташып берүүдөн баш тартып койду. Комиссиянын чечими менен биз кайрадан башка компанияга уруксат бердик. Азыр кайсы компания тамак-аш жеткирип жатканын так айта албайм. Мындан ары шашке чай үзгүлтүксүз берилет», - деди Д.Нурматов.

Аксы районундагы 65 мектептеги 10 миңден ашуун окуучу чай ичет. Шашке чай үчүн 2,7 млн сом, ысык тамак үчүн 1,4 млн сомдук тендер жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×