Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.10.2018 16:38 На русском

Жалал-Абад мэриясы митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгондугунун себебин айтты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында активисттер тынчтык митингин өткөрүү үчүн шаар мэри Мураталы Тагаевге кайрылган кезде ал уруксат берген эмес. Мындай маалыматты бүгүн, 3-октябрда Ооган согушунун ардагери, активист Акылбек Султанбаев Тurmush басылмасына билдирди.

Анын айтымында, алар 4-5 адам болуп топтолгондо милиция кызматкерлери таратып жиберген.

«Биз өткөн жумада тынчтык митинг өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевге кайрылганбыз, бирок ал уруксат берген жок. Ошентсе да биз 2-октябрда Эркиндик аянтына 5ке жакын адам, колубузга плакаттарды кармап чогулганбыз. Ал эми тартип сакчылары плакаттарыбызды алып, бизди таратып салды. Биз тынчтык митингге Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишине нааразычылык билдирүү үчүн чыкканбыз», - дейт А.Султанбаев.

Ал эми шаар бийлиги тынчтык митингге уруксат бербей койгонун төмөндөгүчө түшүндүрдү.

«Буга чейин бизге тынчтык митинг өткөрөбүз деп 4 адам келген. Аларды активисттер деп атай албайм. Анкени, баары эле кайсыл жерде митинг болсо ошол жерде жүргөн адамдар. Алар Жогорку Кеңештин ишине нааразы болуп, андагы 120 депутат көп экенин жана Конституцияны өзгөртүү керектигин айтышууда. Бизге тиешеси жок маселелер үчүн 4 адам митингге чыкса, аны көрүү үчүн келген адамдар шаарга эгилген гүлдөрдү тепсеп, таштандыларды таштап кетишет.

Ошон үчүн мэр уруксат бербей, алардан митингди Сузак районундагы «Телтору» ат майданындагы аянтта өткөрүүнү жана акимчиликтен уруксат алууну өтүнгөн», - дейт биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбеков.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, белгиленген жерге митинг уюштурууга уюштуруучулардын уруксаты жоктугуна байланыштуу митинг өткөрүүгө жол берилген жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×