Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 03.10.2018 09:28

Таш-Көмүрдө 2 ай мурун дарыяга агып кеткен адам табыла элек

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын Достук айыл аймагында Нарын дарыясына 2 ай мурун, тактап айтканда 4-август күнү агып кеткен 30 жаштагы адам табыла элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, 1988-жылы туулган Б.З.ны издөө иштери жүргүзүлүп, бирок оң жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн, 3-октябрда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×