Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.10.2018 09:18

Кара-Көлдө ардактуу эс алуудагы пенсионерлер сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 1-октябрда Эл аралык карылар күнү белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы. Иш-чарага мэр И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, шаардын карыларын куттукташты.

Маалым болгондой, шаардагы 80 жаштан 100 жашка чейинки 119 карынын ар бирине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 сомдон акчалай жардам берилди. Мындан сырткары аз камсыз жана көп балалуу 20 үй-бүлөнүн ар бирине 500 сомдон берилди.

Токтогул ГЭСтер Каскады өздөрүнүн мекемесинде иштеп, пенсияга чыккан 240 ардактуу эс алуудагы кызматкерлеринин ар бирине 800 сомдон, ал эми Камбар-Ата ГЭСи 20 пенсионерге жана шаардагы 80 жаштан ашкан 15 карыянын ар бирине 500 сомдон акчалай жардам беришти. Ошондой эле Нарын ГЭС ишканасынын атынан 17 ардагер пенсионердин ар бирине 500 сомдон акчалай сыйлык тартуулашты.

Иш-чаранын соңунда маданият бөлүмү тарабынан майрамдык коцерт тартууланды. Мында ырчы, обончу эмгек сиңирген артист Жаныш Кочкоров, «Ак саамай» байбичелер тобу, «Кара-көлдүк кыздар» хор ансамбли, Балдар чыгармачыл үйүнүн «Келечек» комузчулар ансамбли, «Жаш-Кыял» бийчилер ансамбли жана башкалар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×