Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 01.10.2018 17:29 На русском

Ала-Букада чек арага чектеш айылдагы жарыктандыруу иштерине өзбек тарап каршы болуп, иш токтотулду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагына караштуу Таш-Арык участкасында түнкүсүн жарык берүүчү жабдууларды орнотуу иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу маалыматты аким Эмил Абыкадыров да тастыктады.

Маалым болгондой, Көк-Серек айыл аймагынын Таш-Арык участкасында мамычалардын орду казылып баштаганда Өзбекстан Республикасынын чек арачылары каршы чыгышкан. Мындан улам жарыктандыруу боюнча тендерден утуп алган компания ишин токтотуп жана аталган участкада иш жүргүзүүдөн баш тарткан.

Ал эми жергиликтүүлөр түнкүсүн ары-бери өткөндө кыйналышкандыктан өздөрү ашар ыкмасы менен 10дон ашуун мамычаларды орнотуп коюшкан.

«Фирма биздин айылга түнкү жарыктандырууларды орнотуудан баш тарткандыктан элеттиктер өздөрү эле мамычаларды орнотуп коюшту. Биздин пайдабызга чечилип, эртерээк жарыктандырып берүүнү талап кылабыз. Район акими да жагдайды көрүп кетти. Чек ара канал аркылуу бөлүнүп турат, өзүбүз тараптан казылды», - дешет жергиликтүүлөр.

Ал эми райондун акими Эмилбек Абыдкадыров жарыктандыруу иштери убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

«Коңшу Өзекбекстан менен Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда мамлекеттер аралык комиссия бар. Ошол комиссия иштеп жатат. Алар тараптан тактоо иши жүрмөйүнчө эки тараптан тең курулуш иштерин жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Ошол жактан сүйлөшүү жүрүп, расмий макулдашуу жүргөндөн кийин гана иш жанданат. Комиссиянын жыйынтыгын күтүп жатабыз», - дейт аким.

Ал эми Көк-Серек айыл аймагынын башчысы Камчыбьек Исраилов долбоордо ал участкага чейин каралгандыгын, эл болбой мамычаларды орнотуп алганын айтууда.

«Биз Тенги айылынын көчөлөрүн жарыктандырууну максат кылганбыз. Түрткү берүүчү грантка жазган долбоорубуз колдоо таап, 900 миң сом каралган. Анын ичинен 235 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Бул каражатка көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн тендер жарыяланып, Тенги айылын жарыктандыруу каралган. Таш-Арык участкасына жарыктандыруу керек болчу. Түнкүсүн кооптуулук бар деп жергиликтүүлөр өздөрү орнотуп коюшкан. Ал жерди биздин жарандар пайдаланып келет», - деди айыл өкмөт башчы.

Ала-Бука району менен Өзбекстан чектешкен 12 участка бар. Негизинен Көк-Серек, Көк-Таш айыл аймактары чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×