Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 01.10.2018 14:20

Аксынын 90 жылдыгына карата каратэ-до боюнча республикалык мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Аксы районунун 90 жылдык мааракесине карата балдар арасында спорттун каратэ-до түрү боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке Жалал-Абад, Бишкек, Ош шаарларынын жана Аксы райондорунун спортчулары катышты. Спорттук иш-чаранын жалпы байге фонду 65 миң сомду түзгөн.

«Таймаштын жеңүүчүлөрүнө диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сынакка мен тарбиялаган окуучулар да катышкан, буюрса ийгилик жаратат деген ишеничтемин. Негизи каратэ-до Олимпиада оюндарына кирген эмес, бирок 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына кошуу сунушталып, ал сунуш колдоо тапты», - дейт уюштуруучу Бообек Нурматов.

Ал эми Каратэ-до федерациясынын Кыргызстандагы вице-президенти Нуржигит Кадырбеков акыркы жылдары өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүп жаткандыгын билдирди.

«СССР учурунда каратэ-до менен машыгууга катуу тыюу салынган. Ошол учурда жашынып машыгып жүрүп, үйрөнүп калгандар бүгүнкү күнү жаштарга үйрөтүшүүдө. Буга чейин мамлекет бул спортко анчалык маани бербегени менен, акыркы жылдары Япониядан атайын устаттарды чакыртып, жаштарга колдон келишинче үйрөтүп жатабыз. Көп нерсе каражатка барып такалат, айрым эл аралык таймаштарга ата-энелердин колдоосу менен барып, ийгилик жаратып келүүдөбүз. Эми 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарында биздин спортчулар ийгилик жаратат деп ишенем», - дейт Н.Кадырбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×