Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 27.09.2018 10:17 На русском

Ала-Букадагы «Жеңиш» паркы 26 млн сомго оңдолот (сүрөт)

Turmush -  Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу «Жеңиш» эс алуу паркын реконструкциялоо иштери башталды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, СССР мезгилинде бул парк Жалал-Абад облусундагы эс алуу жайларынын ичинен 2-орунда турган.

Ал эми Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Дооронбек уулу аталган эс алуу багында буга чейин бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөнүн белгиледи.

«Паркты оңдоп-түзөө иштерин баштадык. Биз долбоор жазып, реконструкциялоо иштерине райондук өнүктүрүү фондунан 26 млн сом бөлүнгөн. Буюрса эки-үч күндүн ичинде оңдоо иштери башталат.

"Жеңиш" паркы 1969-жылы курулган. Айыл аксакалдарынын айтымында, СССР мезгилинде Жалал-Абад облусунда экинчи орунда турган. Союз таркагандан бери парк каралбай келген. Заман талабына жооп бере турган абалга келтирилип, 2019-жылы май айында кайрадан ишке беребиз», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×