Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 26.09.2018 12:25 На русском

Ала-Букадагы алма фестивалына Өзбекстан, Франция, Англиядан коноктор келди (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда жергиликтүү багбандарды колдоо максатында 25-сентябрда XIII алма фестивалы уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, фестивалга 100дөн ашуун багбан келип, 30дан ашык алманын түрү көргөзмөгө коюлду. Алма фестивалына Өзбекстан, Франция жана Англиядан келген коноктор дагы катышкан.

Фестивалда алмадан жасалган суусундуктар дагы көргөзмөгө коюлуп, конокторго акысыз таратылды.

Ала-Бука районунда калктын 60%ы алма өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×