Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 26.09.2018 09:25

Чаткалдагы мектепке эмгек сиңирген мугалим С.Дозоновдун ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Башкы-Терек айылындагы мектепке Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Сатылган Дозоновдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Дозонов билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген. Салтанаттуу иш-чарага район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жетекчилер, айыл тургундары катышты.

Мектепте атайын марафон да уюштурулуп, андан 92 миң сом жана 11 баш майда мал жандык чогултулду. Мындан сыркары мектептин айланасы темир менен тосмолонду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×