Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 25.09.2018 17:06 Жаңыланды: 25.09.2018 18:12 На русском

«Жубайлар»: Полковник М.Усупов жубайы М.Жаконова менен аялдардын абагында таанышкан (фото)

Turmush -  «Жубайлар» долбоорунун кезектеги каармандары — Бишкек шаарынын тургундары Мунара Жаконова жана Меңдибай Усупов. Turmush басылмасынын кабарчысы алар менен таанышты.

55 жаштагы Мунара Жаконованын айтымында, ал Кант шаарында туулган. Педагогикалык институтта орус тил жана адабияты мугалими кесиби боюнча билим алган. Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда эмгектенет.

Ал эми Усупов Меңдибай Аксы районунун Кызыл-Туу айылында 1952-жылы туулган. Чымкенттеги адистештирилген аскердик мектепте, Улуттук университетте билим алып, 40 жыл күч органдарында иштеген.

«Эмгек жолумду Кант шаардык ички иштер бөлүмүндө иштөөдөн баштадым. Ал жакта 5 ай гана эмгектендим. 1981-жылы Степное айылындагы аялдардын жатак абагында иштеп баштадым. Мен иштеп жүргөндө Чымкенттеги мектептен 4 жигит практикадан өтүү үчүн келишти. Алардын арасында Меңдибай дагы бар эле. Ошентип болочок жолдошум менен 1981-жылдын 11-августунда таанышкам. Ал биринчи таанышканда өзүн Медет деп тааныштырган. Алгач анын көздөрүн аябай жактыргам. Ошентип экөөбүз 20 күндөй сүйлөшүп, анан 5-сентябрда мени Баткенге учак менен эжесиникине алып кетти. Мени эки эжем жана жеңем узатты. Ата-энем билишкен эмес эле. Кийин апам Баткенге кеткенимди билип, кейип жүрдү. Алгач анын эжесинин колунда жашадык, кийин кайненеме алып барып, ал жакта 1 ай жашагандан кийин өзү Бишкекке окуусуна кетип калды. Ошондо ал 29 жашта, мен 18 жашта элем. Жолдошум окуусун бүткөндөн кийин аны №16 абакка иштөө үчүн жөнөтүштү.

1982-жылы сентябрь айында тун балабыз Нурбек төрөлдү, 1984-жылы Айжан аттуу кыздуу болдук. 1996-жылы кичүү кызым төрөлдү. Биздин бирге түтүн булатканыбызга 37 жыл болду», - деди М.Жаконова.

Ал эми Меңдибай Усупов жаңы таанышканда М.Жаконованын узун чачын жактырганын айтат.

«Мен аны биринчи көргөндө узун, өрүлгөн чачына аябай суктангам. Ал дагы мени жактырганын сезгем. Ошондо эле ага үйлөнөрүмдү билгем.

Өзүм 40 жыл күч органдарында иштедим. Эң биринчи №16 колонияда, кийин Таш-Көмүр ШИИБде тергөөчү болуп иштедим. Ал эми жубайым болсо кадрлар бөлүмүнүн башчысы болчу. Андан кийин Жалал-Абадда салык полициясында, ИИМде иштеп, полковник болгон соң 2007-жылы пенсияга чыктым. Учурда лицензия алып, жактоочулук иш менен алектенип келем», - деди М.Усупов.

М.Жаконова кайненеси айкөл киши болгонун белгиледи.

«Жолдошум Чымкентке кеткенде мен 4 ай кайнежемдин колунда жүрдүм. Кийин Бишкекке келип, анан Чымкентке жөнөдүм. Ошондо аябай кар жаап жаткан болчу. 4 айлык кусалыктан кийин экөөбүз автобекеттен жолукканбыз.

Жолдошум жумушу оор болгондугуна карабай балдарын эч нерседен кем кылбай бакты. Ал 11 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Кайненем катуу сүйлөбөгөн, айкөл киши эле. Тилекке каршы рак оорусуна чалдыгып, ооруканада дарыланды. Кайра жандандыруу бөлүмүнөн чыккандан кийин өзүм үйдөн багып жүрдүм. Кийин оорусунан улам өтүп кетти. Ал эми кайнатамды көрбөй калдым. Ал согушка катышкан экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×