Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 25.09.2018 12:35

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан айдоочунун кайнагасы каза болуп, жубайы менен балдары ооруканага түштү (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун 25-чакырымында катталган жол кырсыктан бир адам каза болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдөн алынган маалыматка караганда, жол кырсык 24-сентябрда Ош—Бишкек жолунун Чычкан капчыгайында катталган. «Фольксваген Пассат» унаасы жамгыр жаап жатканда жолдон тайгаланып, жолдун боюндагы даракка тийип токтогон.

Таш-Көмүр шаарынан Бишкек шаарын көздөй бара жаткан унааны 1979-жылы туулган Т.А. башкарып бара жаткан. Окуя болгон жерден айдоочунун кайнагасы каза болду. Ал эми айдоочунун жубайы, 14 жана 4 жаштардагы балдары райондук ооруканага түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×