Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 25.09.2018 09:38 На русском

Ала-Букада чек ара кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтары тапшырылды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда 24-сентябрда Ала-Бука чек ара отрядынын аскер кызматкерлерине жаңы курулган 3 кабаттан турган 24 батирдин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чарага Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, Мамлекеттик чек ар кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров, райондогу укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчылыгы менен отряддын өздүк курамы, аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана чек арачы ардагерлер катышты.

Генералдык штабдын башчысы Р.Дүйшенбиев ачылыш аземде сүйлөп жатып, чек араны бекемдөөдө комплекстүү иш-чаралардын аткарылышынын маанилүүлүгү, бул аймактагы жана жалпы өлкөдөгү чек ара коопсуздугун жогорулатуу экенин белгилеп, аны менен бирге өлкөнүн аскер жетекчилиги аскер кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча иштерди улантарын белгиледи.

Ал эми Д.Сатимов Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү алкагындагы жол картасына ылайык 2018-жылы жаңы чек ара комплекстери салынып, анын ичинде чек арачылардын үй-бүлөлөрү үчүн дагы үйлөр курулгандыгын айтты.

«Чек арачыларга бардык шарттары каралган заманбап батирлер курулду. Кыргызстандын чек арасын коргоо тапшырмасын алган аскер кызматкерлерибизди үй менен камсыз кылуу жана мындай чек ара инфраструктураларынын курулуштарын жүргүзүү мындан ары дагы уланмакчы. Жакынкы арада Талас жана Чүй облустарындагы чек арачылар батирлүү болмокчу», - деди полковник Д.Сатимов.

Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен жалпы 53 млн 652 миң сом жумшалган. Курулуш 2017-жылдын апрель айында башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×