Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 24.09.2018 10:37

Майлуу-Сууда эски ресторандын аянтына 4,3 млн сомго футбол талаасы ачылды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында жаңы кичи футбол аянтчасы ачылды.

Майлуу-Суу шаардык мэриядан маалымдалгандай, шаардагы эски «Ала-Тоо» ресторанынын ордуна жергиликтүү ишкер Элдияр Досов тарабынан футбол аянтчасы курулуп, ага Майлуу-суу шаарынын мэриясы тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Футбол аянтчасын курууга жалпысынан 4 млн 350 миң сом жумшалган.

Ачылыш аземге Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Маматов катышып, жеке ишкер белектерин тапшырды. Ошондой эле жаштар арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жаңы футбол аянтчасы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×