Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.09.2018 10:02

Бишкек—Ош жолунда жеңил унаа оодарылып, 1 адам каза болду. Жабыркагандар бар

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 251-чакырымында, тактап айтканда Чычкан капчыгайындагы жол кырсыктан эркек адам каза болду. Окуя кечээ, 23-сентябрда саат 09:35 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 5 адам жаракат алды.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×