Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.09.2018 12:49 На русском

Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү боз үйдө билим алган окуучулардын арманы (видео, сүрөт)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектебинин окуучулары бул окуу жылы да боз үйдүн ичинде билим алып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектеби төрт окуу корпустан турат. Бирок анын үч корпусунда чоң жаракалар пайда болуп, дубалдарынын айрым бөлүктөрү урап түшкөн. Мындан улам аталган мектепте билим алган окуучулар жарактуу корпусуна араң жайгаштырылып, жыйындар залы да класстык бөлмөгө айланган. Ал эми бул жерге такыр батпай калган 50 окуучуга атайын боз үйлөр тигилген. Мектептин директору Альбина Мамбеталиеванын айтымында, 2015-жылы ӨКМдин авариялык абалдагы мектепте окууга мүмкүн эмес деген корутундусу чыгарылган. Бирок, имараттын жоктугунан мектепти 2018-жылдын жаз айларына чейин пайдаланып келишкен.

«Өткөн 2017-2018-окуу жылында эскилиги жеткен мектептин имаратында айла жок балдарды окутуп жатканбыз. Бирок, ушул жылдын апрель айынан тарта катуу жааган жаандын кесепетинен мектебибиз чөгүп, чатырыбыздан суу өтүп, дубалдар урап, окууга такыр эле жараксыз болуп калды. Андан кийин окуучуларды экинчи корпуска котордук. Негизи бул мектепте көп жылдардан бери шарт жок. Кыштын күнү чатырдан суу өтүп, өзүбүз от жагып жылытып, катаал шартта да балдарга билим берип келдик. Ошентип 250дөй баланы экинчи корпуска котордук. Бирок ал жерге окуучулар батпай калып, мектептин короосуна 3 боз үй тигип, анын бирөөсүндө эки нөөмөт менен 50дөй бала билим алып, окуу жылын аяктаганбыз», - дейт мектеп директору А.Мамбеталиева.

Мектептин короосуна тигилген боз үйлөрдүн биринде окуп жаткан 5-класстын окуучусу Адил андагы шарттарды айтып, бийлик жаңы мектеп куруп берсе экен деп тилек кылып жаткандыгын билдирди.

«Боз үйдүн ичинде буга чейин да окуганбыз. Жаңы окуу жылында жаңы имаратта окусак керек деп келсек, кайра эле боз үйдө окуп калдык. Боз үйдүн ичи абдан суук, жамгыр жааган кезде түндүктү жапсак караңгы болуп, сабак окуй албайбыз. Жамгырда суу өтөт, боз үйдүн ичи ылай болуп, басканга ыңгайсыздык жаралат. Бизге жаңы имарат куруп берилсе жакшы болот эле», - деди ал.

Эми мындагы окуучулар кыш мезгилинде да ушул боз үйлөрдө окууларын улантууга аргасыз болушууда. Бул жагдайды Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Абдыбек Бекишов төмөндөгүдөй билдирди.

«Өткөн жылы эски корпустар кулап калгандыктан мектептин жыйындар залын экиге бөлүп, балдарды батырып, билим берүүнү улантып келүүдөбүз. Ал эми мектептин короосуна эки боз үй тигип, анын бирөөсүн башталгыч класстардын түшкү тамагын ичүүчү жай кылсак, экинчисинде бүгүнкү күндө 25тен 50 окуучу 2 нөөмөт менен окуп жатат. Бүгүнкү күнү ӨКМ тарабынан 3 чатыр алынып келинди. Эми чатырларды тигип, балдарды ошол жерге көчүрүп, кыштын күнү да жылуулап, балдарга билим берүүнү чатырда улантабыз», - деди А.Бекишов.

Аталган Анарбек Ибраимов атындагы орто мектептин 4 корпусу бар. Алардын үчөөсү 1957-жылы ашар жолу менен курулган. Кийин окуучулардын саны өсүп, имаратка зарылчылык жаралгандыктан төртүнчү корпус 2011-жылы 270 орунга ылайыкташтырылып 23 миллион сомго курулган. Бирок, ушул тапта ошол эле 270 орундуу билим уясында 633 бала билим алууга аргасыз болууда.

Токтогул району боюнча жалпы 42 мектеп бар, анын алтоосуна ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп корутунду чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×