Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 21.09.2018 22:06

Ноокенде эки мекеме-ишкананын кызматкерлери сармерден таймашына түштү (фото)

Turmush -  Ноокен районунда 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата эки мекеме-ишкананын кызматкерлеринин сармерден таймашы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, таймаш райондун аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын кадыр-баркын көтөрүү, сүйлөө маданиятын өркүндөтүү, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулуп, ага райондук суу чарба башкармалыгынын жана райондук почта бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Таймаштын алкагында мамлекеттик тил гимнин хор менен айтуу, саламдашуу, макал-лакап айтуу, кыргыз музыкалык аспаптарынын коштоосунда ыр айтуу, көркөм окуу тапшырмалары аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×