Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.09.2018 14:00 Жаңыланды: 06.11.2018 16:32

Айыл турмушу: Жаш мугалим Келдибек айылдагы балдарды машыктырып баштаганда ата-энелер каршы чыгышкан (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну, дене тарбия мугалими Келдибек Абазбек уулу тарбиялаган окуучулар республикалык спартакиададан биринчи орунду багынтып, ийгиликтерди жаратышууда. Элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, алар кышында дагы мектептин суук спорт залында машыгышчу.

«Өзүм Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулгам. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде дене тарбия мугалими адистиги боюнча билим алып жатам. Буга чейин өзүм да спорттун волейбол түрүнө кызыгып, ойноп жүрүп, акыркы үч жылдан бери айылдагы жаштарды машыктырып, Токтогул районунун курама командасын түздүм. Жаңы баштаган учурда бир топ кыйынчылыктар болду. Айылыбызда машыкканга зал жок, кыштын күнү мектептин суук спорт залында машыгып жүрдүк. Кийинчерээк айылдагы агаларыбыздын колдоосу менен спорт зал курулуп, тынымсыз машыгып калдык.

Балдарды топтоо жана аларга туура тарбия берүү мен үчүн оңойго турган жок. Балдардын машыгуусу үчүн да топ, торго чейин өзүмдүн жеке каражатыма сатып берип, машыгуучу залдын ижарасын төлөп жүрүп, акыры мээнетимдин үзүрүн көрүп жатам», - дейт Келдибек.

Ал окуучулары республикалык спартакиадада биринчиликти багындырганда көзүнө жаш алганын айтат.

«Айылда балдардын машыгуусуна көп учурда алардын ата-энелери каршы болуп жүрүштү. Анткени, бизде калыптанган стереотиптик көз караштар бар эмеспи. Айрым балдардын ата-энелери «пайдасы жок оюнуңду жыйнаштыр, балабыз андан көрө үйдөгү малды, талаадагы картошканы карасын» деп урушкандары да болгон. Андай тоскоолдуктарга баш ийбей, «биз мыкты оюнчу болбосок да, мыкты адам болушубуз керек» деген ураан менен машыгуубузду уланта бердик.

Быйыл окуучулар арасындагы спартакиадага катышып, райондон жана облустан биринчи орунду багындырдык. Облустун намысын коргогону республикалык мелдешке барып, жеңиш менен кайттык. Ошол учурда да окуучуларымдын жанында болчумун, биринчи укканда ишене албай, сууктун күнү машыккан күндөрдү эстеп, көзүмө жаш алгам», - дейт жаш машыктыруучу.

Ал облустун, ошондой эле өкөнүн намысын коргогон спортчуларды тарбияларын кошумчалды.

К.Абазбек уулу үй-бүлөдө он бир туугандын жетинчиси. Өзү үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×