Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 21.09.2018 12:50 На русском

Тогуз-Торонун тургуну 2 сайлуу ок атуучу курал менен кармалып, кылмыш иши козголду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын аймактардагы бөлүмдөрү тарабынан эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоо максатында оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иштердин натыйжасында Тогуз-Торо районунан 2 даана жана Ноокен районунун аймагынан 1 даана сайлуу ок атуучу курал алынды. Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2 даана сайлуу ок атуучу курал жана ок дарысы менен алынды.

«Арсенал» оперативдүү иш-чарасы учурунда Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын 1981-жылы туулган тургуну Н.Бактыбек 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана ок-дарылары менен кармалган. Текшерүүдө куралдардын документтери жок болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси («Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алуу, берүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ушул сыяктуу факт Ноокен районунун криминалдык милиция кызматы тарабынан аныкталган. Анда 19-сентябрда Масы айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын 35 жаштагы тургуну Абдрахман эч кандай документи жок мыйзамсыз сактап жүргөн «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 7 даана ок дарысы менен алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары акыркы 7 күн ичинде 11 сайсыз ок атуучу курал алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×