Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.09.2018 16:35

Ноокенде жаңы конуш электр жарыгы менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагынын Кара-Сай жаңы конушунун тургундары электр энергия менен камсыз болушту. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык жер-жерлерде улантылып жатат. Иштин алкагында мындагы конушка жалпы 22 даана бетон электр мамычалары орнотулуп, АС 70 кубаттуулуктагы аба чубалгылар тартылып, 160 кВА трансформатору орнотулду.

«Бул трансформатордон аталган жаңы конуштун жанында жайгашкан Кызыл-Кыргызстан айылынын 90 абоненти электр жарыгын алат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×