Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 20.09.2018 09:32 На русском

Аксыда мал кайтарып жүргөн 12 жаштагы өспүрүм дарыяга агып кетти

Turmush -  Аксы районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын Кум айылында 12 жаштагы бала Нарын дарыясына агып кетти. Окуя 18-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

2006-жылы туулган О.уулу Р. мал кайтарып жүрүп Нарын дарыясына түшүп кеткен. Аны издөө иштерине кечээ, 19-сентябрда куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылып, маркум баланын денесин суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×