Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 20.09.2018 09:07

Майлуу-Сууда Баткен окуясында каза болгон жоокерлер эскерилди (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында 18-сентябрда Баткен окуясынын 19 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп ɵттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин элесине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Андан соң асманга 3 ирет залп атылып, бир мүнөттүк эскерүү болду. Митинг-реквиемди Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Маматов менен шаардык кеӊештин тɵрагасы Б.Барбиев ачып, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин туугандарына көңүл айтып, баатырларды сыймыктануу менен эскерип, алардын эрдигине таазим кылаарын белгилешти.

Ошондой эле Баткен окуясынын 19 жылдыгына карата жаштар арасында волейбол боюнча мелдештер ɵткɵрүлүп, жеӊүүчүлɵргɵ грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мектептин окуучулары баатырлардын элесине арнап ыр саптарын айтышты. Салтанаттуу иш-чарага шаар тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана Баткен окуясынын ардагерлеринин 7 облустагы тɵрагалары келип, жалпысынан 300дөй адам катышты.

Баткен окуясына Майлуу-Суу шаарынан 54 адам катышкан. Алардын ичинде 7 адам – Аркабаев Таирбек Ташибаевич – катардагы жоокер, Доминов Алижан Астанкулович – ефрейтор, Кучербаев Замирбек Умарович – старшина, Намазбеков Данияр Абдибекович – катардагы жоокер, Саматов Куштарбек Муктарович – улуу сержант, Торобеков Мелис – катардагы жоокер, Рахматуллаев Абдрасул – ефрейтор баатырларча курман болушкан.

Бул күнгɵ карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 21 миӊ сом бɵлүнүп, каза болгон жоокерлердин үй-бүлɵлөрүнө 2000 сомдон, жаракат алган 2 ардагерге 3000 сомдон колдоо кɵрсɵтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×