Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 19.09.2018 15:05 На русском

Чаткалда кенди мыйзамсыз казган компанияга айып салынды (фото)

Turmush -  Чаткал районунун Чакмак-Суу айылында Аючачы кенин чалгындоого уруксат алган компания аны мыйзамсыз казып жатат. Бул тууралуу активист Абдижапар Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Аючачы кенин чалгындоого «Оптимум трейд» компаниясы 2017-жылдын 17-августунда уруксат алган. Бирок чалгындоо иштерин аткарбай эле кен казууну башташкан.

«Жергиликтүү тургундар бир нече жолу нааразычылык билдирип чыккан. Тиешелүү органдар текшерүүгө алган эмес. Мыйзам боюнча компания кенди чалгындап, анын запасын аныктагандан кийин казууга кайра лицензия алышы керек. Алар 2018-жылдын июль айында 19 кг чачыранды алтын казууга лицензия алып, бирок келишим түзүлбөй эле кен казылып жатат. Компаниянын өкүлдөрү кенге уруксат алган документтерин элге көргөзө албай койду. Мындан улам тиешелүү органдарга кайрылып жатабыз», - деди А.Нурдинов.

Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев эл нааразы болуп жаткан компания мыйзам бузганын ырастап, айып пул салынганын айтты.

«Бул компания чынында мыйзам бузган. Себеби, чалгындоого лицензия алып, бирок кен казып баштаган. Анын мыйзамсыз иши боюнча Экотехинспекциянын өкүлдөрүнө кайрылганбыз», - дейт ал.

Мамэкотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча куратору Замирбек Келдибеков «Оптимум Трейд» компаниясы жердин кыртышын мыйзамсыз бузганын айтып, ага 216 миң сом айып пул салынганын белгиледи.

«Чакмак-Суу айылында кен казган «Оптимум Трейд» компаниясы кенди чалгындоого лицензия алган. Бирок ал компания мыйзамсыз жердин кыртышын бузуп, кен казган. Кийин ал компанияга жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 216 миң сом айып пул салганбыз.

Мындан сырткары, Чаткал токой чарбасы дагы өзүнчө айып салган», - деди З.Келдибеков.

Чаткал районунда 7 компания мыйзамдуу кен казат, 10дон ашуун компания чалгындоо иштерин жүргүзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×