Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 19.09.2018 11:27

Ала-Букада кендеги көйгөйлөрдү көтөргөн активистке коркутуулар болуп жатканы айтылды

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл аймагынын Бирлешкен айылынын тургуну Бакыт Тойчубеков 18-сентябрда «Казакмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын коомдук угуусунда айыл өкмөт башчы Камчыбек Исраилов жаш активисттерди коркутууга алганын айтып чыкты.

Анын пикиринде, кен байлыктарга байланыштуу көйгөйлөргө ачык пикирин билдирип келген Матен аттуу уулун, социалдык тармакта активдүү болгон Кылыч Шанаевди коркутуп-үркүтүү аракеттери болду.

«Элдин көйгөйүн айтканы үчүн жектебеш керек. Эмнеге уулумду «сенин түбүңө жетем» дейсиң? Ал үчүн жооп бер! Кылыч Шанаевди телефон аркылуу коркутуулар болуп жатат. «Казакмыс Гол Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү эмнеге уулумдун окуусуна барып, аны сүрүштүрөсүңөр? Оюбузду ачык айтып, эркин жашай алабызбы?», - деди жергиликтүү тургун Б.Тойчубеков.

Айыл өкмөт башчы эч кандай коркутуп-үркүтүүгө албаганын билдирсе, кен казган компаниянын өкүлү Жайыл Дадиев Бакыт уулу Матен кенге байланыштуу пикир бергенде өзүн дарыгер катары тааныштырганын, ошол жагдайды тактоо үчүн алар окуу жайдан сураштырышканын айтып, коркутуулар боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштады.

Ал эми Матен дарыгер деп айтпаганын далилдөөгө аракет кылды. Мындан улам кайым айтышуу чыкты. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Раимбек Сүлайманов уюлдук телефондогу коркутуулар боюнча арыз менен кайрылуу керектигин, бул боюнча укуктук баа берилерин билдирди.

Буга чейин 18-сентябрда Ала-Бука районунда Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» ишканасынын иши боюнча өтүп жаткан коомдук угууда Көк-Серек айылынын тургундары бир катар нааразычылыктарды айтышып, жыйын кайым айтышуулар менен коштолгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×