Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 19.09.2018 10:18

Бир нече күн мурда Таш-Көмүрдө дарыяга чөгүп кеткен адамды издөө иштери улантылат

Turmush -  4-август күнү Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына чөгүп кеткен 30 жаштагы Б.З. аттуу адамды издөө иштери бүгүн, 19-сентябрь күнү да улантылат.

ӨКМдин маалыматына караганда, ал 4-август күнү Достук айыл аймагынын Бачок тилкесинде Нарын дарыясына түшүп жатып чөгүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 18-сентябрь күнү ӨКМнин издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары улантылып, жыйынтык чыкпаган соң издөө аракеттери саат 17:15те убактылуу токтотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×