Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 18.09.2018 18:20 Жаңыланды: 18.09.2018 18:37

Аксыдагы кен чыры: Алтын турган аймак талашка түштү

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында турат делген Кара-Камыш жайлоосундагы алтын кендин айланасында талаш жаралды. Талашка айыл өкмөттүн башчысы Руслан Бекназаровдун кытайлык «Султан Голд» компаниясынын өкүлү менен сүйлөшүүсүндө «кенди өзүбүз сатабыз» деп айтканы жем таштады.

Сүйлөшүү айыл эли суу булганат деп 5 жылдан бери каршы чыгып, кытайлык инвесторлорду киргизбей келген Кара-Камыш жайлоосундагы кен боюнча болгон. Бул боюнча сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу интернетке дагы тараган. Бирок, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров аны башкача түшүндүрүүдө.

Акындардын айтышына салынган жол алтынды ачабы?

Интернетке тараган аудио жазууда айыл өкмөт башчы Руслан Бекназаров кытайлык инвестордун өкүлү менен 7 мүнөттөн ашык сүйлөшкөн. Анда ал инвесторлордон кенди иштетүүгө алган лицензияны тапшырууну суранган. Сүйлөшүүдө кенди айыл өкмөт өзү ачарын, ага атайын инвестор дагы табылганы айтылган. Айыл өкмөт башчы Р.Бекназаров акындардын айтышын уюштуруп, анын жышааны менен жолду оңдоп, андан кийин элди кенди ачууга көндүрөрүн айткан. Мындан сырткары, айыл өкмөт сураган 1,5 млн сомду кенди ачууга кызыктар болгон тарап бере албаганын айткан.

Кийин айыл өкмөт башчысы инвесторлордон 1,5 млн сом алганы ачыкка чыкты. Ал каражат айыл өкмөттүн бюджетине которулбаганы дагы айтылууда.

38

Руслан Бекназаров инвесторлор акчаны өз калоосу менен бергенин, анын кенди ачууга эч кандай тиешеси жок экенин белгилейт. Ал ошондой эле, интернетте тараган сүйлөшүү ага таандык экенин дагы танган жок.

«Башында мага 11 млн сом көтөрүп келишип, айыл өкмөт дотацияда турганын айтып, аны иштетүү үчүн беришкенде, мен ал акчаны алган эмесмин. Кийин алар кенди ачууга 4 жылдан бери 80 млн сом коротушканын айтып калышты. Мен айыл өкмөт үчүн бир дагы иш жасабаганын айткам. Менден алар эл менен жолугушуу уюштуруп берүүнү өтүнүштү. Эки жолу жыйын өткөргөндө, алар келбей коюшту. Мен телефон чалып келбейсиңерби иштетүүгө башкалар келип жатат деп айткам. Интернетке тараган сүйлөшүү ошол учурда болгон. Үчүнчү жолу жолугушууда алар 1,5 млн сом беришип, анын алтын иштетүүгө эч кандай тиешеси жок экенин айтышкан. Жөн гана айыл өкмөттүн колдоо катары деп бергенде алганбыз. Ага жалпы эл күбө болгон.

Кара-Камыш жайлоосуна баруучу жолду айыл өкмөттүн бюджетинен бөлүнгөн каражат менен оңдоп түздөдүк. Алтынды ачууга эч кандай кызыкчылык жок. Ал жерге турист тартуу максатында акындардын айтышын уюштурдук. Өкмөттөн бул зонаны туристтик аймак кылып берүүнү өтүнгөнбүз», - деди Р.Бекназаров.

Маалым болгондой, Кара-Камыш кенин иштетүүгө уруксат алды деген «Султан Голд» компаниясы кенди чалгындоо үчүн 2014-жылы лицензия алган. Кийин компания 11 гектар жердеги 32 килограмм алтынды чалгындоого уруксат алган. Бирок компания техникаларын алып келген учурда эл чогулуп киргизбей, техникасын жолдон өткөрбөй койгон.

Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов кен чыга турган жер суунун башаты экенин белгилеп, компанияга эл ишенбей жатканын кеп кылды.

«Компания элге жага тургандай аракет кылбай жатат. Аларга элдин 95 пайызы каршы. Себеби, алар айкын иш жүргүзгөн эмес. Алтындын запасы канча экенин, андан алган пайданын канча бөлүгү элге калат ошону айтпай жатат. Алар иштетүүгө лицензия алган жер тоонун башында, Кара-Камыш көлүнүн жанында жайгашкан. Алар кенди ачса суу булганат. Суу булганып, көл аркылуу эл ичкен сууга кошулат деп кооптонушат. Депутат катары мен дагы каршымын. Айыл өкмөткө 1,5 млн сом беришкени чын. Мен өзүм дагы күбө болгом. Ал акча спорт залга бөлүнгөнүн билем», - деди ал.

Үч айыл өкмөт талашкан алтындуу жайыт

Кара-Камыш, Моло-Таш жайлоолору 8 жылдан бери Үч-Коргон, Ак-Суу жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн ортосунда талашта турат. Моло-Таш жайлоосундагы 14 миң 600 гектар жер Ак-Суу айыл өкмөтүнө, Кара-Камыш жайлоосундагы 5 миң 800 гектар жер Үч-Коргон айыл өкмөттөрүнө 1964-жылы узак мөөнөткө берилип кеткен. Бирок анда анын мөөнөтү качан бүтөрү белгиленген эмес. Учурда кен чыгат деген Кара-Камыш жайлоосу союз учурундагы карта менен алып караганда Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында турат. Бирок Кара-Суу айыл өкмөтү жер мыйзамсыз башка айыл өкмөттөргө берилген деп эсептеп, 2010-жылы жайытка өзү көзөмөл кыла баштаган.

«Султан Голд» компаниясы лицензия алган 11 гектар жер Үч-Коргон айыл өкмөтүнө берилген аймакта тургандыктан жер айыл өкмөткө караганын айтууда. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев: «Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 5 миң 800 гектар жери бизге карайт. Өнөр жай жана мелиорация министрлигине, Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу жөнөткөнбүз. Алар аталган жер бизге тийиштүү экенин аныкташкан. Жер биздики болгондуктан биз салык төлөйбүз. Бирок, учурда жайытка ээлик кыла албай жатабыз. Бизге жайыт керек. Аларда кенди ачууга кызыкчылык болуп жатат. Бизге кен казууну көздөп жаткан тарап келип, жылына 5 млн сом берүүнү сунуштады. Бирок, биз азырынча сүйлөшө элекпиз. Жайыт катары талашып келе жатабыз. Малдын үчтөн бир бөлүгү кен чыгып, талаш болуп жаткан жайлоодо жайлайт», - деп билдирди.

Аксы райондук жерге жайгаштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктары каттоо башкармалыгынын башчысы Таалай Саматов жайыт талаш болуп келе жатканын ырастады.

«Кара-Суу айыл өкмөтү менен эки айыл өкмөт жайыт жерди талашууда. Бизде турган документтер боюнча Үч-Коргон жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жайыт жерлери бар. Ал жайыт жерлер Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жогору жагындагы жайлоолор», - дейт ал.

Талашта деп айтылып жаткан жерлерди 2010-жылдан бери Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт комитети көзөмөлгө алып келе жатат. Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов жайыт комитетинин кызматкери катары буларга токтолду.

«2010-жылы жайыт комитети түзүлгөндө жайыт комитети Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жогору жагындагы жайлоолорду жайыт катары колго алган. Учурда ар бир аймактан келген мал-жандыктардан жайыт мыйзамына ылайык жайыт пул алынат. Ак-Суу жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрү алган жерлер мыйзамсыз деп эсептеп жатабыз. Жайыт союз учурунда бөлүштүрүлүп, анда айыл өкмөттүн эли аз болуп, мал дагы аз болгон. Эми мал көбөйдү. Үч-Коргон, Ак-Суу айыл өкмөттөрү узак мөөнөт менен жерди алган. Бирок биздин мыйзамда 49 жылдан ашык убакытка берилбейт экен. Андан бери канча убакыт өттү келишим деле бүттү да», - деп белгилейт Т.Керимкулов.

Алтын казууга кызыктар делген «Султан Голд» компаниясы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал чалгындоого лицензия алганы менен чалгындоо иштерин жүргүзгөн эмес.

Жогоруда айтылгандай, 3 айыл өкмөт учурда 2 жайлоону 8 жылдан бери талашып келүүдө. Бирок азырынча жерлер кимдин пайдасына чечилет белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×