Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 18.09.2018 16:25 Жаңыланды: 18.09.2018 18:41 На русском

Ала-Букада кен казган компанияда иштеген жаран каза болду. Тургундар компенсация төлөөнү талап кылууда (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 18-сентябрда Ала-Бука районунда Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» ишканасынын иши боюнча өтүп жаткан коомдук угууда Көк-Серек айылынын тургундары бир катар нааразычылыктарды айтышып, жыйын кайым айтышуулар менен коштолду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, коомдук угууда аталган компаниянын өкүлү Жайыл Дадиев соцпакет аркылуу социалдык объектилердин курулуш иштери боюнча айтып берди.

Анын айтымында, «Казакмыс Голд-Кыргызстан» компаниясынын иштөөгө 2027-жылга чейин лицензиясы бар. Анда 1200 жумушчу болсо, анын ичинен 1176 адам биздин жарандар. Ал эми Казакстандын 29 жараны, Россия Федерациясынан 7 адам, Өзбекстандын 1 жараны иштейт.

Жайыл Дадиевдин маалыматы боюнча, компания райондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн иш алып барууда. Кристал жана Шекафтар көмөкчордондорун реконструкциялоо жумушу жүрүп, 35 чакырым чубалгы тартылды. Ден соолугуна байланыштуу жардам сурап кайрылгандарга көмөк берүүдө.

Ал эми жергиликтүүлөр Бозумчак кенин иштетүүнү колдой турганын, бирок калктын үнүн укпай жатышканын сынга алды. Жергиликтүүлөр концентрат жүктөгөн оор жүк ташуучу унаалар ашыкча жүк ташып, анын кесепетинен жолдор бузулуп жатканын мисалдар менен келтиришти. Ошондуктан айылга атайын пост коюу, ал жерге тараза коюлуп, элеттиктер да көзөмөлгө алууну сунушташты. Ошондой эле жергиликтүүлөр аталган компанияда иштеп жүрүп, кийин рак илдетинен каза болгон Маматкерим уулу Айбекке кайдыгерлик мамиле болгонун айтышып, компаниядан компенсация төлөп берүүнү талап кылышты.

«Айбек силерде иштеп жүрүп, ушул жылдын 8-августунда каза болду. Бишкектен келген дарыгерлер анын ооруганын билиш керек болчу. Эмнеге билишкен жок? Кызматтык териштирүү жүргүзгүлө», - дешти тургундар.

Ал эми компаниянын өкүлү Ж.Дадиев аларга жумушка кирүү үчүн Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан тактама алуу керектигин айтып, акимчилик дарыгерлердин үстүнөн да териштирүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле аларда онкологиялык, флюорографиялык аппараттар жок экенин айтты.

«Буга чейин кызматкерлер дарыланууга чыккан убактысын төлөп бердик, акыркы эки айга тийиштүү кагазын толтуруп берсин, ошол эле күнү акчасын котортуп беребиз. Компенсация төлөп берүү үчүн соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыксын, «ушул компанияда иштеп жүрүп, рак илдетине чалдыккан» деген корутунду чыкса компенсация өндүрүп алууга толук укугу бар», - деди Ж.Дадиев.

Ошондой эле ал 180 миң сом атасына колдоо катары Айбектин өлүмүнөн кийин берилгенин айтат.

Ал эми маркумдун атасы 180 миң сом толук берилбегенин, компаниянын өкүлү жалган айтып жатканын айтып, ага кол көтөрүүгө аракет жасады.

Өз кезегинде Ж.Дадиев компания 100 миң сом жана кызматкерлер 80 миң сом бөлгөнүн билдирди. Ал эми маркумдун атасы кызматкерлердин бергенин компания өзүнө ыйгарбашы керектигин айтты.

Мындан тышкары жергиликтүү тургун Өскөнова Айтила кызы ошол компанияда иштеп жүрүп ооруп калгандыгын, компаниянын өкүлдөрү кабар да алышпаганын кошумчалады. Жергиликтүү тургундар компанияда иштеп жүрүп ооруп калгандарга көмөк көрсөтүүнү талап кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×