Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 18.09.2018 13:24

Чаткалда 20 млн сомго курулган бала бакча ишке берилди (фото)

Turmush -  Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында 70 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди.

Райондук администрациядан билдиришкендей, бала бакча 20 млн сомго курулган.

«Курулуш 2017-жылы башталган. Ага Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20 млн сом бөлүнгөн. Бала бакча 16-сентябрда пайдаланууга берилип, балдар кабыл алынууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×