Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 18.09.2018 10:24 На русском

Сузактын Жоон-Күңгөй айылында 560 окуучу чатырларда окуп башташты (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Жоон-Күңгөй айылындагы Таштемир Кочкоров атындагы №28 орто мектебинин окуучулары бүгүнтөдөн тарта чатырда окуп башташты. Буга мектептин имаратын капиталдык оңдоп-түзөө иштери тендерге байланыштуу бир айга кеч башталганы себеп болгон. Мындан улам окуу баштала элек болчу.

Мектептин директору Нурлан Мамасалиевдин айтымында, балдардын билим алуусу үчүн 7 чатыр тигилип, окуучулар 3 нөөмөт менен окуп башташты.

«ӨКМден чатырлар берилип, түнү менен тигилди. Бүгүн сабак башталды», - дейт Нурлан Мамасалиев.

Маалым болгондой, мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн үстүбүздөгү жылдын июль айында тендер жарыяланып, «Ясын Курулуш» ЖЧКсы утуп алган. Бирок тендердин өтүүсүнө нааразы болгон тараптын арыздануусунан улам жумуш бир айга кеч, тактап айтканда август айынан башында башталган.

Аталган компаниянын өкүлү Замирбек Эргешовдун айтымында, тендерден алар 23 млн 700 миң сом утуп алган.

«Жумуш башталганына 40 күндөй болду. Тиешелүү жумуштар жүрүп жатат, азыр имараттын ички оңдоосун дээрлик бүтүп калдык, кафелдери төшөлүүдө. Он күн ичинде толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Окуучулардын коопсуздугун эске алуу менен сыртындагы ишин уланта беребиз. 30 жумушчу иштеп жатат. Тендерге байланыштуу бир аз кеч башталып калды. Биз өз мөөнөтүндө жумуш жүргүзүүдөбүз», - деп билдирди.

Мектеп имараты 320 окуучуга ылайыкташкан, учурда 560 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×