Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 18.09.2018 10:03 На русском

Сууга чөккөн Зарылбектин сөөгү 43 күндөн бери табыла элек, жакындары үн катты

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында жашап жаткан 30 жаштагы Зарылбек Байысбековдун Нарын дарыясына чөгүп кеткенине туура 43 күн болду. Бирок анын сөөгү дале табыла элек. Орду толгус оор жоготууга учураган жакындары жергиликтүү бийликке, ӨКМге анын сөөгүн таап берүү үчүн суучуларды жөнөтүүнү суранып, тынымсыз кайрылуу жолдогону менен оң жооп болбой, изделбей жатканына нааразы болуп жатышат. Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы тынымсыз издөө жүрүп жатканын, жакында дагы суучулдар тартыла турганын билдирүүдө.

Зарылбек Байысбеков дарбыз, көмүр алып-сатып, кара жумуштар чыкса анда иштеп, айтор адал эмгек менен үй-бүлөсүн багып келген. Быйыл мисте жакшы болгондуктан Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарынын аралыгындагы мисте токоюнда иниси, жубайы менен мисте терип жатканына эки күн болгон. Күн батканга чейин мисте терүү менен алек болгон үй-бүлө ошол талаада түнөп калышчу. Мисте токойго Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын ортосундагы Бачок эс алуу жайында Нарын дарыясын кесип өтүп жатышкан. Ал бүлөсүн суудан коопсуз өткөрүү үчүн атайын ижарага кайык да алып келген. Каргашалуу окуя болгон күнү ал шаардан келүүчү тууганын күтүп, эс алуучулардын бет маңдайындагы тоонун түбүндө эс алып жаткан. Кайыгы суу жээгинен жылып кеткенин байкаган Зарыл ага жетем деп сууга чөгүп кеткен.

«4-августта кайыкка жетем деп сууга чөгүп кеткен. Жубайы, иним кайыктын сууда жылып бара жатканын көрүп, суу жээгине чуркап келишкен. Ал учурда анын кийимдери гана калып, кайда чөккөнүн да көрбөй калышкан. Суунун жээктерин издеп жатышат. Суучулдар 9 күн издеди, 14-августта токтогон. Ошол бойдон издей элек. Ошону менен суучулдар келише элек. Тынбай министрликке суучулдарды жиберүү өтүнүчү менен кайрылып жатабыз. Издеп жатышканда жоокердин өлүмү катталып, ызы-чуу болду. Кийин Көчмөндөр оюну өтсүн дешти. Эми суучулдар Казакстанда мелдеште жүргөнүн айтышты. Ар шылтоону айта бербей, бизге таап бергилечи деп сурандык. Суучулдарга жооп берген Оштогу жооптуу кызмат адамына байланышсак, «каалаган жагыңарга арыздангыла» дегендей мамиле кылып койду. Министрликтен азыр дагы суранабыз. Суунун тереңине кире ала турган суучулдарды тартып, биздин бир боорубуздун сөөгүн таап беришсин. Суунун жээктерин издеп жатышат, бирок табылбай жатат. Күндө мелтиреген сууну тиктеп келебиз, көз жаш төгөбүз. Сөөгүн көрүп, топурак салсак көксөөбүз сууйт эле. Өлдү деген менен анын сөөгүн көрбөсөң, топурак салбасаң азап экен», - дейт бир тууган карындашы Наргиза.

Маалым болгондой, азырынча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлө элек. ӨКМдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, издөө иши уланууда.

«Буга чейин да суучулдар тарабынан издөө иши жүргөн, Бишкектен, Оштон тажрыйбалуу суучулдар тартылган болчу. Жакынкы аралыкта кайрадан суучулдар тартылат. Жагдайга карата дагы кошумча маалыматтар берилет», - деп билдиришти басма сөз кызмтынан.

Буга чейин 13-август күнү суудан Зарылбектин жансыз денесин табуу үчүн Таш-Көмүр шаарындагы №2 издөө-куткаруу отрядынын 3 жоокери суучулдарга жардам берүү үчүн барып, алардын ичинен Доолбек уулу Мирлан сууга чөгүп каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×