Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 17.09.2018 17:29

Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан чыгынды суулар дарыяга кошулууда

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан чыгынды суулар түз эле дарыяга кошулууда. Бул тууралуу облустук эпидемиялык жана эпизоотиялык өзгөчө кырдаалдын комиссиясы тарабынан ич келте оорусун алдын алуу багытын талкуулаган жыйында облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Үсөнкул Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, бул көрүнүш текшерүү учурунда аныкталып, жашоочулар менен жолугушууда да айтылган.

«Сары-Бээ айылынын 4-чү көчөсүндө сайдын жээгинде жайгашкан залалсыздандырылган ичүүчү таза суу жана эки суу түтүгүнүн 3 жеринен жарака кетип, сайга куюлуп жаткандыгына да адистер күбө болушкан. Токтогул көчөсүндө канализациялык чыгынды суулар түтүгү жарылып, сайга кошулуп жаткандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда суу жана канализациялык түтүктөр жайгашкан жерлер тазаланбай, чытырман токойго айланган», - деди ал.

Жыйынды алып барган өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков токойго айланып кеткен жер күн тартибинде алынып чыккандыгынын өзү уят экендигин айтып, шаардагы санитардык абалды көзөмөлдөгөн жетекчини, шаар бийлигин сынга алды.

«Өзүбүз шаймандарды алып барып тазалап берели, ушул маселени алып чыкканына мен уялып жатам. Шаардагы санитардык-көзөмөлдөө бөлүмүнүн дарыгери шаар депутаттарына бийликке айтып, маселени чечсе болот эле. Суу түтүктөрү жарылган жерлерди убактылуу болсо да жамап жаксоо зарыл. Баарынан да калктын саламаттыгы жогору туруусу керек. Шаардык кеңештин төрагасы Р.Бакалаев адистерге көрсөтпөстөн өзү да депутаттарга салып, колдоо көрсөтүп турса жакшы болмок», - деп билдирди ал.

Жыйында негизинен дарыгерлердин аракети өз учурунда аткарылып жатканы жергиликтүү бийлик аткара турган функциялар экени белгиленди. Ал эми Майлуу-Суу шаарынын вице-мэри Зирекан Батырбекова канализацияларды алмаштыруу олчойгон сумманы талап кыларын, суу түтүктөрү тешилип калган жерлерди жамап жаскоого мэрия болгон күч аракетин жумшаганын, жергиликтүү бийлик 50 миң сом бөлүп, тийиштүү иштер жүргөнүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×