Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 17.09.2018 16:24 На русском

Токтогулда оор атлетчи И.Артыковго жана балбан А.Эсенбек уулуна акчалай сыйлык берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-сентябрда Токтогул шаарында XVIII жайкы Азия оюндарында спорттун оор атлетика түрү боюнча коло медалдын жеңүүчүсү, эл аралык спорттун чебери Иззатбек Артыковдун жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөш боюнча алтын медалдын жеңүүчүсү, спорттун чебери Эсенбек уулу Амангелдин райондун эли менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, саамалыкка район аким Майорбек Сатымкулов да катышып, жеңүүчүлөргө жана спортчуларды даярдаган машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды жана райондук администрациянын Ардак грамоталарын тапшырды. Мындан тышкары, Токтогул шаардык мэриясы И.Артыковду, Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү Эсенбек уулу Амангелдини колдоо иретинде акчалай сыйлыктарын тапшырышты.

Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×