Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 13.09.2018 15:11 На русском

Токтогулда тоонун боорунда өрт чыгып, болжол менен 50 гектар чөп күйдү

Turmush -  Токтогул районунун Үч-Терек айылында тоонун боорундагы өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагынын Үч-Терек айылындагы Кызыл-Омпол тилкесинде тоонун боорунда куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 11-сентябрда саат 18:00 чамасында ӨКМдин Токтогул райондук №60 өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнүн 9 куткаруучулары, райондук токой чарбасынан 5 адам, жергиликтүү тургундардан 15 адам, жалпы 29 адам тартылган. 12-сентябрда ӨКМдин №97 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн кошумча 9 куткаруучу тартылган.

Жеринде байланыш жок болгондугуна байланыштуу, маалыматты тактоо жана өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында 13-сентябрда саат 10:30да ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары З.Дүйшөбаев, ӨКМдин Токтогул райондук №105 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу менен чыгып кеткен. Өрттүн кесепетинен болжолдуу түрдө 45-50 гектардагы куураган чөп күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×