Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 12.09.2018 15:41 На русском

Көк боору жарылып кеткен: Токтогулда кош бойлуу кезинде аттан кулап, 8 сааттай жерде жаткан аялдын абалы кандай?

Turmush -  Токтогул районунда аттан кулагандан кийин 8 сааттан ашык жерде жатып калган аялдын абалы жакшы. Бул тууралуу Токтогул аймактык ооруканасынын жетекчиси Нуржамал Тешебаева билдирди.

Анын айтымында, 10-сентябрда саат 21:00 чамасында ооруканага жеткирилип, саат 22:00 чамасында ага операция жасалган. Эгер келин дагы бир саат кечигип жеткирилгенде анын өмүрүн сактай албай калышмак.

«Бир энени өлүмдөн сактап калдык. Дагы бир саат кечигип келгенде аны сактап калуу кыйынга турмак. Аттан жыгылгандан кийин 8 саат жерде жатып калган келиндин кан басымы түшүп, 2,5 литрге чейин кан жоготкон. Көк боору эзилип, жарылып кеткен. Ошондуктан көк боорун алып салууга туура келди, кан куюлду. Келин 7 айлык кош бойлуу болгон, эркек баласын сактоого мүмкүн болгон жок. Келин төртүнчү наристесин күтүп жаткан экен. Бизге Бишкек шаарынан келип иштеп баштаган хирург Бакдөөлөт Бегматов чоң көмөк берди. Азыр келиндин абалы жакшы, бүгүн тамак ичүүгө уруксат берилди. Абалы жакшырып калды», - деди Н.Тешебаева.

Кош бойлуу келиндин жерде жатканын кошуналары көрүп, ооруканага жеткиришкен.

Буга чейин кош бойлуу аял аттан кулап, 8 сааттан ашык жерде жаткандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×