Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 12.09.2018 10:44 Жаңыланды: 12.09.2018 14:43

Кышында эл жолдун карын күрөп, кош бойлуу келинди ат араба менен ооруканага жеткиргем, - медайым Ж.Курбанбекова (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы электр энергиясы, унаа жолу жок Жаз-Кечүү айылындагы ФАПтын фельдшери Жаркынай Курбанбекова кыштын күнү төрөгөн келинди ат арабага жаткырып, айыл эли менен жол салып, төрөт үйүнө жеткирген. Элеттик медайым менен аймактык кабарчы таанышты.

Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Жаз-Кечүү айылын район менен туташтырчу жол алты ай гана ачык болот. Айылга барчу жол октябрь айында жабылып, апрель айында ачылат. Кышкысын кар жаайт. Жашоо шарты катаал. Ошентсе да отурукташып калган эл журт которбостон жашоо кечирип келишет. Райондогу эң алыскы айылдын эли үчүн Жаркынай Курбанбеков өз кызматын өтөп келет. Ал үчүн эл түйшүгүн тартуу оңойго турбайт. Элди ат, эшек менен, кээде жөө кыдырат.

«Өзүм Базар-Коргон районунун Акман айылынан болом. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырып, ал жерден фельдшердик кесиптин ээси болгом. Окууну аяктап, райондун борборунан 110 чакырым алыс аралыктагы Жаз-Кечүү айылына келин болдум. Ошентип бул жерде 2005-жылдан тарта айылдагы ФАПта фельдшердик кызматты аркалап келем. Жалпысынан 600дөй адамдын ден соолугун көзөмөлгө алам. Биздин айыл райондун акыркы айылдарынан болгондуктан, Сузак району менен чектеш 500 адам Базар-Коргон районундагы бөлүгүндө жашашса, калган 100дөй адам Сузак районуна карайт. Баарына бирдей медициналык кызмат көрсөтөм. Айылдагы үйлөр алыс жайгашкандыктан бир колоттон, экинчи колотко жөө, айрым күндөрү ат менен барып, жаш балдарга эмдөө жүргүзүп келем», - дейт элеттик фельдшер.

Анын айтымында, түнкүсүн чакыруулар болгондо электр энергиянын жоктугунан телефондун жарыгында ийне сайып, бейтаптарды дарылаганга туура келет.

«Биздин айылдагы эң негизги көйгөй бул электр энергиясынын жоктугу жана жол азабы. Айылда көбүн эсе түнкүсүн ооруп калып чакырышат, негизинен кары адамдар жана жаш балдар ооруйт. Көбүнчө ат менен жетип барам. Электр жарыгы жоктугунан телефондун жарыгы менен ийне саюуга туура келет. Андан дагы негизи көйгөй — жол. Мен иштегенге чейин кош бойлуу аялдарды жалаң үйлөрүндө төрөтүп алышчу экен. Көптөн бери элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. 2014-жылдан тарта үйдө төрөгөн учурлар такыр токтоп калды. Азыр толгоосу келип жаткан учурда да үйдө эмес, ооруканага жеткиргенге аракет кылабыз.

Бир жылы кош бойлуу келиндин толгоосу кармап калды. Аны ооруканага жеткирүү керек болду. Кыш мезгили эле. Биздин эл ынтымактуу болгондуктан, жалпылап шаймандар менен жолдогу карды күрөп беришкен. Мен келинди ат араба менен Сузактагы айылга алып барып, андан ары ооруканага аман-эсен жеткиргем. Ал эми бир келиндин төрөтүн жолдо алып келе жатып кабыл алгам», - дейт Жаркынай Курбанбекова.

Ал белгилегендей, Жаз-Кечүү айылында бир жылда 10-15ге жакын наристе жарык дүйнөгө келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×