Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 12.09.2018 09:21 На русском

Токтогулда кош бойлуу аял аттан кулап, 8 сааттан ашык жерде жаткан

Turmush -  Жалал-Абаддын Токтогул районунда кош бойлуу аял жайлоодо ат минип жүргөн учурда кулап кетти, деп билдиришти Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар. Алдын ала малыматтар боюнча, окуя 10-сентябрда саат 13:00 чамасында болгон.

Кош бойлуу аял Терек-Суу айылынын 1980-жылы туулган тургуну Жазгүл экени маалым болду. Ал аттан кулагандан кийин жерде 8 сааттан ашык убакыт жаткан.

Денесинен жаракат алган Жазгүл райондук ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүштү. Бирок анын курсагындагы баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×