Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 10.09.2018 23:09 Жаңыланды: 21.09.2018 10:35

Айыл турмушу: Ноокендик А.Эргешова таштанды толгон жерди балык багуучу көлмөгө, эс алуучу жайга айландырды (фото)

Turmush -  Ноокен районунун тургуну Айгүл Эргешова таштандыга толгон жерди эс алуучу жайга айландырды. Элеттик ишкер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ага 20 жылга жакын убакыттан бери жаткан таштандыларды тазалоо оңойго турган эмес.

«Өзүбүз көп жылдан бери ушул Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Багыш айылында жашайбыз. Айылдын кире беришинен канал агып өтөт. Мен билгенден көп убакыттан бери ошол каналдын боюна жергиликтүү жашоочулар үйүнөн чыккан таштандыларды төгүп келген. Ошол көрүнүштү карап отуруп, мындан беш жыл мурун айыл өкмөткө кайрылып, ошол таштанды жаткан жерди ижарага алдым. Андан кийин айланасын тосуп, ал жердеги таштандыларды үй-бүлөбүз менен тазалап жүрсөк, көпчүлүк айылдаштарыбыз, туугандарыбыз бизди жаман көрүшкөн. Азыр ошол таштанды жаткан аймак элдин эс алуу борборуна айланды», - дейт жеке ишкер.

Анын айтымында, эс алуучу жайды дагы өздөрү курушкан.

«Жолдошум кесиби боюнча мугалим, чийүү сабагынан сабак берчү, билим берүү тармагында 15 жылдан ашык иштеди. Учурда үйдөгү жумуштар менен алек. Бул жерди иштеткенибизге беш жылдын жүзү болду. Ошол учурдан бери мындагы ар бир курулуш жолдошумдун эмгеги. Мындагы ар бир тапчан, кыргыз үй, жада калса балык бакчу көлмөнү дагы өзү курган. Атайын Токтогулдан балык алып келип, көлмөдө көбөйттүк. Учурда кардарларга балык улап, эс алганга да шарт түздүк. Эми ишканабызды кеңейтели деп пландап жатабыз», - дейт ал.

А.Эргешованын 4 баласы, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×