Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 10.09.2018 16:19

Көчмөндөр оюндары: Италиялык туристтер жон баштыгын унутуп кеткен боз үйдүн ээси окуя тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Кырчын этношаарчасында Жалал-Абад ордосуна таандык боз үйгө Италиядан келген туристтер жон баштыктарын өздөрү таштап кетишкен. Бул тууралуу Токтогул районунун атынан боз үй алып барган Уран Маралбаев билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү туристтер боз үйдөн тамактанып, конок болуп түнөп кетишкен.

«Биз аларды төргө отургузуп, сый көрсөткөнбүз. 6-сентябрда саат 09:00 чамасында ал туристтер биз менен коштошуп, боз үйдөн чыгып кетишкен. Кетип жатканда алар жон баштыктарын бизге калтырышкан эмес. Алар жон баштыктарын этно базарга соода-сатык кылуу максатында келишкен адамдарга дайындашкан. Бул боюнча мен кийин билдим. Биз 6-сентябрда түштө боз үйдү жыйнап, кайтканбыз. Биз кеткенден кийин туристтер бизди издешиптир. Эгер алар мага жон баштыктарын дайындап кеткенде, мен ишенимдүү адамдарга алардын жон баштыгын дайындап келмекмин. Жон баштыктын милдетин алган соодагерлерге туристтер байланышкан эмес. Алар ошол эле Кырчында жүрүшкөн.

Качан туристтер жон баштыктарын милиция аркылуу издеп жатканын угарым менен аларды соодагерлерге байланыштырдым. Алар жон баштыктарын ошол жерден эле алышты. Ал эми соодагерлер деле аларга жардам көрсөтүүнү гана каалашкан. Биздин боз үй жүктөлгөн унааны милиция кызматкерлери тосушкан жок. Бул боюнча Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы туура эмес маалымат берген. Анткени жон баштыкты соодагерлердин «Хонда SRV» үлгүсүндөгү унаасынан алышкан. Биздин «Мерседес Бенц» жүк ташуучу унаабызды эч ким токтоткон эмес, жон баштык бизде эмес болчу», - деди У.Маралбаев.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлери Италиянын жарандарына жоголуп кеткен жон баштыгын кайтарып беришкендиги маалымдалган.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Дэн менен Алесандро Көчмөндөр оюндарына Италиядан келишкен. Алар Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чаралардын акыркы күнүндө этношаарчанын батыш тарабындагы боз үйлөрдүн ички жасалгасын көрүп жүрүп, жон баштыгын унутуп калышкан.

«Алар жон баштыгын эстеп, кайтып келишкенде боз үйдү ээлери жыйнап кетип калышкан. Италиялык жарандар милициянын убактылуу пунктуна кайрылып, кызматкерлер уюштуруучулардан аталган боз үй Токтогул районунун айылдарынын биринин тургунуна таандык болгонун аныкташкан. Милиция кызматкерлери жолдордо нөөмөттө турган кесиптештери менен байланышып, жоголгон баштыкты алып бара жаткан унаа токтотулган. Жон баштык ээсине кайтарылды», - деп айтылат ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×