Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.09.2018 11:43

Чаткалдын тургундары жардамга муктаж көп балалуу үй-бүлөгө үй куруп жатышат

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары көп балалуу үй-бүлөгө үй куруп жатышат. Бул тууралуу Айгыр-Жал айылынын башчысы Капарбек Смаилов билдирди.

Анын айтымында, турак жай кышка чейин пайдаланууга берилет.

«Көп балалуу үй-бүлөгө айыл тургундарынын жана айыл өкмөттүн колдоосу менен үй курулуп жатат. Эл тарабынан каражат жана курулуш материалдары берилди. Айыл өкмөт тарабынан да каражат бөлүндү. Үйдү куруп жаткан усталардын акысы тургундар тарабынан төлөнөт. Кыш келгенге чейин турак жайдын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилет», - деди К.Смаилов.

Маалым болгондой, бул үй-бүлөнүн 8 баласы бар. Ата-энеси жумушсуз, алар жашаган үй эскирип, жашоого кыйынчылык жаратып келген. Айгыр-Жал айылынын тургундары буга чейин жардамга муктаж башка үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү үй куруп беришкен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×