Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 07.09.2018 10:22

Көчмөндөр оюндары: Тогуз-торолуктар гүлазыктын 20 түрүн жасап, баш байгени алышты (сүрөт)

Turmush -  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында гүлазык жасоо боюнча сынакка Жалал-Абад облусунун атынан катышкан Тогуз-Торо районунун командасы баш байгеге ээ болду. Унутта калып бара жаткан, кыргыздын көпкө сакталуучу тамактарынын бирине кирген гүлазыктын 20 түрү жасалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиеванын айтымында, гүлазыкты даярдоо район үчүн жеңил болгон жок. Анткени бул тамактын жасалышы, тарыхы интернет булактарында үстүртөдөн гана берилгендиктен элеттеги кыргыздын улуттук даамдарын жакшы билген энелерден сураштырып, алардын кеңештери менен жасап барышкан.

«Жобонун негизинде бизге гүлазык жасоо тапшырмасы тийген. Мындан улам ал тамакты жасоонун ыкмаларын улуу муундун өкүлдөрүнөн сурадык. 15 түрдүү тамак-аштардан 5 түрү тоодо өскөн бөрү карагат, кызыл карагаттан жасалды. Мурун ошол жемиштерди кургатып, как кылып алып, андан кийин гүлазык жасашчу экен. Калган гүлазыктар негизинен эттен жасалып, ден соолукка пайдасы бар түрдүү чөптөр кошулуп, тартууладык. Апалардын айтымында, гүлазыкты жоокерлерге беришчү экен. Мергенчиликке аттангандар да гүлазык менен тамактанышкан», - деди ал.

Гүлазыкты жасоого элеттеги улуттук даамдардын сырын эң мыкты билген 15 апа көмөк көрсөткөн. Апалар калыстардын курамына жеринде жасоо жолдорун көрсөтүү үчүн жаргылчактан бери көтөрүп келишкен. Бирок убакыттын тардыгынан жасоо ыкмаларын толук көрсөтө албай калышты.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун тургундары кыл аркан эшүү, ийик ийрүү, жаа атуу, таяк тартыш сынактарынан баш байгелерди багындырышты.

Райондун атынан барган Асел Садырова айымдар арасында өткөн жаа атуу боюнча сынакта алтын медаль тагынды. Ал эми Атайбек уулу Келдибек таяк тартыштан алтын медаль алууга жетишкен. Мындан сырткары аркан эшүү, ийик ийрүү сынактарына катышкан апалар баш байгени башкаларга алдыртышкан жок.

«Тогуз-Торо жаштар биримдиги» коомунун мүчөлөрү да активдүү катышып, 150 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Алар этностилде боз үйдү жасалгалоодо экинчи орунга чыгышты.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад облусунун ордосу 22 боз үй тиккен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×