Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.09.2018 16:04 Жаңыланды: 08.09.2018 12:12

Айыл турмушу: Элди туура тамактанууга үндөгөн медайым А.Раманкулова жашылчанын 11 түрүн өстүрдү (сүрөт)

Turmush -  22 жылдан бери элге медициналык кызмат көрсөтүп келген Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылынын тургуну Айна Раманкулова быйыл жашылчанын 11 түрүн өстүрүп, кошуналарына үлгү болууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, өмүрүндө эгин өстүрбөгөн кошуналары андан кеңеш алып, жашылчанын түрүн өстүрүп баштады. Жумушу менен бакча иштерин айкалыштырган медайым буга чейин жашылчанын 2-3 эле түрүн өстүрүп келген.

«Өзүм медайым болгондуктан элге жашылчаларды тамак-ашка кошкула, анда витаминдер көп болуп, бала-чакаңардын дени сак чоңоёт деп кеңеш берчүмүн. Брокколи сыяктуу витаминдерге бай жашылчалар бизде өспөсө керек деп, көңүл бөлчү деле эмесмин. Бул ойлорум тамак-ашты жакшыртуу боюнча долбоор башталганда четке кагылды. Долбоордун кеңешчиси түшүндүрмөлөрдү берип, жашылча өстүрүү боюнча топ түзүлүп, мени ал топтун лидери катары шайлап алышты. Биз долбоор алкагында тамак-аш коопсуздугу туурасында окуулардан өткөн соң бир кыйла жанданып калдык. Базардан сатып алынган жашылчаларды тамак-ашка кошконубуз менен ал кандай жолдор менен өстүрүлдү, тазабы деген ойлор келет. Чын эле таза тамактануу өзүбүздүн жашылча бакчадан башталат эмеспи. Эмне үчүн өзүбүз өстүрсөк болбойт, жерибиз, суубуз бар. Ошондон улам топтун мүчөлүгүнө өмүрүндө жашылча өстүрбөгөн айымдарды үндөп, кошуп алдым. Учурда алар өз колдору менен өстүргөн жашылчаларын тамак-ашка пайдаланып жатышат», - деди ал.

Жашылча өстүрүү тобунда 2 эркек киши жана 13 аял бар. Алар капустанын 3 түрүн (брокколи, түстүү, тоголок капуста), болгар калемпири, помидор, бадыраң, кызылча, пияз, сабиз жана ашкабак өстүрүп жатышат. Артып калган жашылчаларды мөмө-жемиш кургатуучу текчеде коопсуз кургатууну да биргеликте үйрөнүшүүдө. Азыркы күндө өрүк, курут кургатууну башташты.

Айна Раманкулова жашылчалардан сырткары бак-дарактардын жана гүлдөрдүн түрүн өстүрөт.

«Медицинанын тили менен айтканда үйдүн алдында гүл отургузуп койсо, күн бою маанай жогору болуп, сергек жашоо уланат. Ошондуктан эрикпестен жылда гүл өстүрүп келем.

Эми брокколи капустасын бышыруунун ыкмасын айтып берейин. Брокколи капустасынын башы бутактанып кеткен топ гүлдөрдөн турат. Топ гүлдөрү кол менен ажыратып алганга ыңгайлуу келет. Ажыратып алынган капустанын бөлүктөрүн 3 мүнөттөй сууда кайнатып алабыз (ашыкча кайнатса эзилип кетет). Ага ак капустадан, сарымсак, көк чөптөрдөн майда туурап, татымына жараша май, туз кошуп, салат даярдаса болот. Ага кошумча жүгөрүнү бышырып кошуп жесе өзгөчө даам берет. Экинчи ыкма: брокколи капустасын сууга 3 мүнөт кайнатып, сузуп алган соң аны унга, жумуртка кошуп жасалган суюк камырга малып, кызгылт түс болгуча кууруп алабыз. Аны кайнатылган күрүч, гречка, куурулган картошкага кошуп жесе аябай даамдуу болот.

Медицина кызматкери катары айта кетсем, брокколи капустасынын өзгөчөлүгү анын курамы бардык топтогу витаминдерге бай, ден соолукка абдан пайдалуу экенинде. Биздин үйдөгүлөр бардыгы тамшанып жешет. Сиздерге да брокколи капустасын тамак-ашка кошууну сунуштайм», - деди ал.

Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Ала-Бука райондорунда «Туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо» долбоору ишке ашырылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×